БИШКЕК. Жогорку Кеңештин мурдакы жана азыркы депутаттары коррупцияга каршы парламенттин ролун күчөтүү максатында Бишкекте “Кыргыз парламентчилери коррупцияга каршы” деген аталыштагы коомдук бирикме түзүштү. Жогорку Кеңештин айрым депуттары катышкан аталган бирикменин уюштуруу жыйынында анын төрагалыгына Кубатбек Байболов шайланды.
Аталган бирикме коррупцияга каршы күрөшүүгө байланыштуу мыйзамдарды иштеп чыгуу жана кабыл алуу, мамлекеттик органдардын отчетторунун ачык-айкындуулугу, коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугу, бул багытта эл аралык уюмдар, парламентарийлер менен тыгыз байланышта кызматташуу максатын көздөйт. “Кыргыз парламентчилери коррупцияга каршы” коомдук бирикмеси 2005-жылы 29-ноябрда Юстиция министрлиги тарабынан каттоодон өткөн. Алар 9-декабрда аталган коомдук бирикменин түзүлүшү жана “Коррупцияга каршы парламентчилердин Глобалдык уюму” менен биригишкендиги боюнча тегерек үстөл жыйынын өткөрүүнү болжошууда.