Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

КӨЛДӨГҮ КЕҢЕШМЕ


Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун ролун жогорулатып, буга чейинки кемчиликтерин жоюу максатында 3-декабрда Ысыккөлдө республикалык кеңешме башталды.

Өлкөдө он жыл ичинде жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу системасына каржылоо укугу берилбегени, чыгарылган мыйзамдар иштебей келгендиги жана башка өксүктөрүн белгилеген семинар-кеңешме Ысыккөлдө өтүп жатат. Ал эки күнгө созулат. Ага президенттик администрациядан өз алдынча башкаруу боюнча бөлүм башчысы Болоткан Кумаров, өкмөттөн Николай Давыдов, Жогорку Кеңештин депутаттары, жардамчылары, министрликтерден ар бир министрдин орунбасарлары, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдар, жергиликтүү айыл өкмөттөр жана “Сорос – Кыргызстан” фондусунун өкүлдөрү катышты.

Айылдардын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу ассоциациясынын төрагасы Курманбек Дыйканбаев бийликке келген азыркы жетекчилер өзүн-өзү башкаруу боюнча толук маалыматы жок, ошондуктан анын көп кырдуулугун үйрөтүүнүн зарылдыгын белгиледи:

- Бүгүнкү күндө бийлик элди башкарууга чакырыш керек. Бийлик кызаттарды башкарыш керек. Бийликтегилер карапайым элдин иштеп аткан шартын, алардын алып аткан айлыгын билбейт. Бүгүнкү күндө Каржы министрлиги акчаны облус, районго берип коюп эле отуруп калып атат. 15 жылдан бери келаткан ушундай практиканы токтотушубуз керек.

Ал эми депутат Жантөрө Сатыбалдиев жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу башчыларынын биринчи шайлоосу шашылыш өтүп калгандыктан, көп кемчиликтер болгондугун айтып, эми эки жылдык гана мөөнөттө шайланышы керек дейт:

- Биз кичине шашылып төpт жылга эртерээк коюп алган экенбиз. Кийинки шайлоону эки жылга коюп, кийинкисин 3 жылга коюш керек. Эл үйрөнүп, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу негизги бийлик экенин түшүнгөндө төрт жылга өтсөк биздин шартка туура болобу деген менин жеке пикирим бар.

Депутат ошондой эле каржы маселеси дагы өзүн-өзү башкарууга берилишин туура деп эсептейт:

- Биз полномочиелерди бергенде толук бардыгын беришибиз керек дагы, ошондо айыл өкмөтү эффективдүү иштейт. Жергиликтүү бийликке кайсы бийлик кызмат көрсөткөнүнүн айырмасы жок. Айылдык бийлик жергиликтүү элге жакшы кызмат көрсөтө алат. Себеби ал күнүгө алардын проблемаларын көрүп турат. Ошон үчүн финансылык-административдүү мүмкүнчүлүктөрүн аларга толук берсек, айыл өкмөтү толук камдуу бийлик боло алат.

Семинар-кеңешмеде муниципалдык кызмат мыйзамы иштебегендиктен айылдагы адистердин деңгээли начарлаганы да айтылып, ага республикалык деңгээлде өзүн-өзү башкаруу жетекчиси Төлөбек Өмүралиев токтолду:

- Муниципалдык кызмат тууралуу мыйзам кабыл алынган. Ошол мыйзам азырынча иштебей атат. Oшону иштетип, муниципалдык кызмактерлерди кызыктырып, иштегенине жараша айлыгын жогорулатуу маселелерин карап атабыз.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун көйгөйүн жана аны чечүүнүн жолдорун белгилөөдө Экономика жана финансы министрлигинин бюджеттик саясат башкармалыгынан 472 айыл өкмөттү эки эсе азайтыш керек деген сунуш айтылды. Семинардын биринчи күнүндө эле элүүгө жакын талкуу сунуштар болду. Ал эртең 4-декабрда да уланып, аягында атайын резолюция кабыл алынып, ал өкмөткө жана коомчулукка жолдонмокчу.

XS
SM
MD
LG