Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:27

Табигый кырсыктан жапа чеккендердин үйү бүтө элек


ЖАЛАЛАБАТ. Жазгы суу ташкындан үйлөрү жараксыз болгон Базаркоргон районундагы Акман айылынын 75 адамдын 35и Майлусуудагы табият кырсыктарынан 102 үй-бүлө баш панексиз калышты. Жергиликтүү бийликтердин маалымдоосуна караганда, алар бош жайлар менен туугандарыныкына көчүрүлдү. Сузактын Жашасын айылынан жер участкалары бөлүнгөн Орток айылынын тургундары жер көчкүдөн жараксыз болгон үйлөрүнө көчүп кетүүгө аргасыз болушту. Каражаттын тартыштыгы турак жай эмес анын пайдубалын түптөөгө мүмкүндүк берген жок. Ортоктук 1198 үй-бүлөнүн 59 үй -бүлөсү гана үйүнүн жерпайын бүтүрүп алган. Быйыл облуста табият кырсыктарынан 1358 үй-бүлө жабыр тарткан. Республиканын турак жай жана курулуш департаментинен жабыркагандарга он алты миллион сом каражат бөлүнгөн. Мындай маалымат облустук бийликтен алынды.

XS
SM
MD
LG