БИШКЕК. Парламент депутаттарга мамлекеттик чин берүүнү кепилдеген мыйзам долбоорун талкууламай болду. Аны төрага Өмүрбек Текебаев 5-декабрдагы отурумда сунуштады. Текебаевдин айтымында, президент буга чейин мамлекеттик чин берүү тууралуу парламенттин сунушун тиешелүү мыйзамдын жоктугуна байланыштуу кайтарып берген. Мындай мамилени төрага президенттик администрациянын юристтеринин мыйзамдарды туура эмес чечмелөөсү катары сыпаттады. Анын айтымында, буга чейин мурдагы президент тарабынан тиешелүү мыйзамдардын негизинде депутаттарга мамлекеттик чин ыйгарылып келген.