Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:15

Парламент эки комитетке жаңы төрага шайлады

5-декабрда Жогорку Кеңеш эки комитетке буга чейин бош турган орундар үчүн жаңы төрагаларды шайлады. Добуш берүү бюллетень аркылуу ишке ашты. Натыйжада Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук, сот-укук реформасы жана адам укуктары боюнча комитетине депутат Марат Султанов, Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана маалымат саясаты комитетине депутат Рашид Тагаев төрага болуп шайланышты. Бул эки орунга булардан тышкары атаандаш катары депутаттар Искак Масалиев менен Кубанычбек Исабеков сунушталышкан. Аталган комитеттерди буга чейин азыркы башкы прокурор Камбараалы Конгантиев жана №31 түрмөдө атып өлтүрүлгөн маркум депутат Тынычбек Акматбаев башкарып келишкен.
XS
SM
MD
LG