Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

Парламентарийлер коомдук бирикме аркылуу коррупцияга каршы күрөшөт


БИШКЕК. Парламентарийлердин коррупцияга каршы күрөш жүргүзгөн эл аралык уюмунун алкагында кыргызстандык бир катар депутаттар ноябрь айынын этегинде коомдук бирикме түзүп, ишке киришти. Бул тууралуу 5-декабрда Жогорку Кеңештин депутаты, бирикменин төрагасы Кубатбек Байболов билдирди. Баш кеңсеси Канада мамлекетинде жайгашкан бул эл аралык уюм көп жылдан бери иштейт жана анын катарына кошулган эски жана жаңы парламентарийлер коомдо орун алган коррупцияга каршы күрөшкө кол кабыш кылып келатат. Кыргызстанда түзүлгөн коомдук уюмдун илимий, программалык жардам берүү максаты бар. Кыргызстанда түзүлгөн уюмга депутаттар Мелис Эшимканов, Аскар Салымбеков, Тайырбек Сарпашев өңдүү депутаттар мүчө болушту. Бул уюмдун демилгеси менен уюштурулган алгачкы тегерек үстөл талкуусу 9-декабрда Бишкекте өткөнү жатат. Ушул өңдүү коомдук уюмдар биригип, Борбор Азиялык бирикме түзөөрү да болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG