Казакстандын жекшембидеги шайлоодо жеңишке жетишкен президенти Нурсултан Назарбаев өлкөдө саясий жана экономикалык реформаларды жүргүзүүнү убада кылууда. Кечээ Астанда өзүн колдогондор алдында сүйлөгөн учурунда Назарбаев казак калкы революцияга карагада, стабилдүүлүккө артыкчылык бергенине токтолду.
Назарбаевди шайлоодогу жеңиши менен алгачкылардан болуп Кыргызстан жана Тажикстандын президенттери Курманбек Бакиев жана Эмомали Рахмоновдор куттукташты. Ал эми байкоочулардын Казакстандагы президенттик шайлоо боюнча тыянагы карама - каршылыктуу чыкты.
Маселен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Казакстандын бул жолку шайлоосу да эл аралык стандарттарга жооп берген жок деп эсептейт. Аталган уюмдун байкоочулар миссиясынын координатору Брюс Жорж Астандагы маалымат жыйынында мындай деди:
-Шайлоону уюштуруудагы кээ бир оң жылыштарга карабай, Казакстанда 4- декабрдагы президенттик шайлоодо добуш берүү ЕККУнун бир катар талаптарына жана эл аралык демократиялык стандарттарга жооп берген жок.
Кошмо Штаттары болсо Казакстандын бул шайлоосу эл аралык станддарттарга жооп бербегенин, бирок демократиялык эрежелерде олуттуу жылышты көргөзгөнүн белгиледи. Ал эми Британиянын шайлоого байкоо салган парламенттик тобу добуш берүү калыс өткөнүнөн шек санай турган жүйөө жок деп эсептейт. Шайлоо адилет жана калыс өттү деген баасын КМШнын байкоочулар миссиясы да чыгарды.
Жекшембидеги шайлоонун алгачкы расмий жыйынтыгына караганда, Нурсултан Назарбаевди добуш бергендердин 91%дан ашууну колдоду.