Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:21

Орусия Иранга ракета сатуусуна АКШ каршы


АКШ Орусиянын Иранга ТОР – М1 үлгүсүндөгү ракеталык системаларды сатуу жөнүндөгү чечимине каршы. Мамлекетин департаменттин өкүлү Адам Эрелинин билдиргенине караганда, америкалык дипломаттар бул маселени орусиялык кесиптештери менен талкууламакчы. Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов кечээ Москва Тегеранга болжол менен 1 миллиард долларга курал- жарак сатуу жөнүндө келишим түзгөнүн ырастаган эле. Сергей Ивановдун айтымында, ТОР- М1 - коргонуу багытындагы ракеталык система жана Ирандын ага ээ болуусу чөлкөмдөгү күчтөрдүн тең салмактуулугун өзгөртпөйт.

XS
SM
MD
LG