Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:30

Нарында Интернет борбор ачылды


НАРЫН. Интернет борбор ЮСАИДдин колдоосу менен 20миң доллар каражатка ачылды. Интернет борбордун максаты Кыргызстандын айыл тургундарына арзан баадагы жогорку ылдамтыктагы интернетти сунуш кылуу, аны менен катар интернет аркылуу жумуш орундарын түзүү, өлкөнү башкарууга аймактардын катышуусу, интернет аркылуу билим алуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачуу, билим алуу борбору, саламаттыкты сактоонун электрондук борбору аралыктан диагностикалуу жана консультациялык кызматтарга жетишүүнү камсыздайт. ЮСАИДдин аталган долбоор боюнча координатору Лира Самыкбаеванын айтымында, интернет борборунун Нарында ачылышынын себеби учурда экономикасы өнүгүп келе жаткан Кытай мамлекетине жакын жайгашкандыгында. Ал эми борбордун жетекчиси Үсөнбек Исмаиловдун маалыматы боюнча, келерки жылы Нарында техникалык паркты куруу пландаштырылууда. Учурда интернет борбордо 12 компьютер жана 11 кызматкер иштейт. Ал эми дүйнөлүк практикада техникалык парктардын бир жылдык кирешеси бир миллиард долларды түзөт.

Кыргызстандагы акыркы маалыматтарды Чолпон Орозобекова, Шайырбек Эркин уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Чекиров.

XS
SM
MD
LG