Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:14

Өзбекстанда мунапыс жарыяланат


Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги 6- декабрда билдиргенге караганда, 2- декабрда Ташкен облустук жана Ташкен шаардык сотторунда Анжиян козголоңуна катышты делген 25 адамдын иши каралып, алардын ар бири 12 жылдан 22 жылга чейин кесилди. 5- декабрда Ташкен облустук соту Анжиянда террордук актыларды жасаган деген айып менен 33 адамды соттоп, аларды 12 жылдан 17 жылга чейин эркинен ажыраткан. Өзбекстан элчилиги билдиргенге караганда, бул соттолгондордун арасында кыргызстандыктар жок. 8- декабрда Өзбекстанда Конституция күнү белгиленет. Өзбекстандын элчилиги билдиргенге караганда, ушул күнгө карата Олий Мажлистин сенаты мунапыс берүү жөнүндө токтом кабыл алды. Ага ылайык, биринчи жолу соттолгон аялдар, биринчи жолу соттолгон 60ка чыккан эркектер, кылмыш жасаган учурунда 18ге чыга электер, чет мамлекеттин атуулу болуп, кылмыш жасаганга чейин өз мекенинде жашап келгендер бошотулат. Бирок элчиликтин кызматкерлери бул мунапыс Анжиян козголоңу боюнча соттолгондорго тиешеси барбы же жокпу азырынча айта албайбыз деп билдиришти.

XS
SM
MD
LG