БИШКЕК. 6-декабрда премьер-министр Феликс Кулов өкмөт үйүндө энергетика тармагындагы квазифискалдык же көмүскө таңсыктык боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Анда өкмөт башчы энергетика тармагындагы квазифискалдык жетишпестик 8 миллиард сомго чыгып кеткенин, бул Кыргызстандын бир жылдык бюджетинин жарымына барабар экенин белгиледи. Феликс Кулов бул абалдан чыгуунун эки жол бардыгын, биринчиси электр кубатына тарифтерди кымбаттатуу экенин айтып, бирок ага барууга болбостугун билдирди. Ал эми экинчи жолу катары акча чогултууну көбөйтүү, техникалык жоготууларды азайтууну атады. Жыйында 2003-жылы энергетика тармагы үчкө бөлүнгөндөн тартып, техникалык жоготуулар көбөйүп, учурда ал 40 пайыздан ашып кеткени жана мындан чыгуунун бирден бир жолу катары бөлүштүрүү компанияларын концессияга берүү зарылдыгы айтылды. Мындан сырткары келерки жаздан тарта электр кубатына болгон бааны бир өлчөмгө түшүрүү белгиленди.