Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:37

Канттагы аскердик базасы үчүн Россия Кыргызстандын карызын кечеби?


БИШКЕК. “Канттагы аскердик база Борбор Азия гана эмес, КМШ мамлекеттери үчүн да коопсуздук камсыз кылып аткандыктан региондогу туруктуу база болуп калышы керек”. Мындай ойду мурдагы Тышкы иштер министри Аскар Айтматов “Кант аскердик базасы: бүгүнкүсү жана келечеги” деп аталган “тегерек үстөлдө” билдирди. Анын пикиринде, 2002- жылы Орусия менен кол коюлган бул база боюнча келишимдин экологиялык коопсуздукту сактоо өңдүү айрым шарттары аткарылбай жатат. Аскар Айтматов ушул аткарылбай аткан шарттардын эсебинен Кыргызстандын Орусияга болгон тышкы карызын реструктуризациялоого жетишүү керек деген ойдо. Кыргызстан учурда Орусияга 180 миллион доллар карыз. Ал эми Кант аскердик базасы 2003- жылдын башында орногон. Мурдагы министр Аскар Айтматов ушул эле жыйында Ооганстанда кырдаал турукташып калды деген оюн айтып, Ганси америкалык базасы тууралуу парламенттик угуу өткөрүп, парламент бул базага карата турумун билдириши керек деген сунушун билдирди.

XS
SM
MD
LG