Багдад шаарында кечээ эки жанкечти Полиция академиясынын имаратында жасаган жардыруудан кеминде 36 офицер жана курсант каза таап, ондогондору жаракат алды. Кол салуу үчүн Интернет аркылуу таратылган билдирүүдө "ал- Каида" уюмунун Ирактагы бөлүмү жоопкер болду. Мунун аралыгында Багдадда мурдагы президент Саддам Хусеиндин соту жүрүүдө. Соттун кечээги отурумунда беш күбө көрсөтмө берди. Саддам жана анын жети шериги 1982-жылды Дужеил деген шаарда мурдагы президенттин өмүрүнө кол салуу аракетинен соң 140тан ашуун шийиитин өмүрүн кыйганы үчүн айыпталууда. Саддам күбөлөрдүн көрсөтмөсүн четке кагып, эгер күнөөлүү деп табылса, өлүм жазасынан коркпой турганын билдирди.