Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Румынияда АКШнын төрт аскерий базасы жайгашат


АКШнын Европа боюнча иш сапарда жүргөн Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Румыниянын аймагында америкалык аскерий базаларды жайгаштырууну караган келишимге кечээ Бухаресте кол койду. Бул Европанын мурда коммунисттик блокко кирген өлкөлөрүнүн аймагындагы америкалык алгачкы аскерий база болмокчу. Румын президенти Траян Бэсеску кечээ кабыл алынган макулдашуунун мааниси тууралуу мындай дейт:

-Бул макулдашуу Румыния коопсуздукту камсыз кылуунун дүйнөлүк системасына кирип, ага олуттуу салым кошуусун шарттайт. Келишимге кол коюлуп, ал румын парламентинде бекитилген соң Румыния чөлкөмдүн коопсуздугундагы таянычтын бирине айланат.

Макулдашууга ылайык, Рымыниянын аймагында АКШнын төрт аскердик базасы: экөөсү Кара деңиздин жээгинде, бирөөсү өлкөнүн түштүк, дагы бири борбордук аймагында жайгашат. Кондолиза Райс менен биргелешип өткөргөн пресс -конференциясында румын президенти Траян Бэсеску анын өлкөсүнүн аймагында АКШнын Борбордук чалгын кызматынын түрмөлөрү жок экенин кайрадан билдирди. Румынияга чейин Германияда болгон учурунда Кондолиза Райс АКШ террорчулукта шектелген адамдарды суракка алуу үчүн чет мамлекеттерге жөнөткөнүн ырастап, бирок алар кыйноого алынган деген маалыматтарды төгүндөгөн.

XS
SM
MD
LG