БИШКЕК. Бишкек Мамлекеттик автоинспекциясы №1 коррупциялашкан тармак. Бул тууралуу Бишкектин МАИнын начальниги Касымбек Райымкул уулу 7-декабрда маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, МАИге кызматка орношууну каалагандар жогорку бийликтегилерди ортомчу кылышып, тааныштарды салышат. Ал эми айрым МАИнин кызматкерлери айып пулду өздөрүнө ыйгарып алышууда деп айдоочулардан даттануулар түшкөн. Бишкек МАИнин башчысы шаардын көчөлөрүнө 50 видеокөзөмөл системасын коюп, аталган мекемеде коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ал ошондой эле жолдо жүрүү эрежесин бузган жана мас абалында автоунаа айдаган айдоочуларга айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү керектигин билдирди.