БИШКЕК. Словениянын баш калаасы Люблянада ЕККУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин 13-отуруму өтүүдө. Жыйындын катышуучуларын Словениянын президенти Янез Дрновшек, Словениянын премьер-министри Янез Янша, ЕККУнун учурдагы төрагасы, Словениянын Тышкы иштер министри Дмитрий Руппель жана ЕККУнун баш катчысы Бришамбоу куттуктады. Отурумда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Кыргызстандагы учурдагы кырдаал жана өлкөдөгү реформага ЕККУнун туруму тууралуу маалымат берди. Ошондой эле аталган эл аралык уюм менен Кыргызстандын кызматташуусунун конкреттүү жолун сунуштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан 7-декабрда билдиришти.
Аликбек Жекшенкулов ЕККУну Кыргызстанда ар кандай натыйжасыз семинар, конференцияларды өткөрүүнүн ордуна экономика жана экология тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча көбүрөөк каражат бөлүүгө үндөгөн.
Ошондой эле ал Казакстандын тышкы иштер министри Касымжомарт Токаев менен жолгушуп, ноябрдын аягында Казакстандан күч менен чыгарылган Кыргызстандык атуулдардын маселесин талкуулаган.