Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:22

ЖЕҢИЖОКТУН МУРАСЫ КАЛККА КАЙТАРЫЛДЫ


Кыргыздын залкар акыны Жеңижоктун туулганына быйыл 145 жыл толду. Ушул маараке урматына акындын бир томдук китеби толукталып, ири көлөмдө жарык көрдү жана ага арналган салтанат борбор шаарыбыздын тарых музейинде өттү.

Салтанат кыргыздын улуттук сыймыгына айланган Жеңижок акындын арбагына куран багыштоо менен башталды. Жеңижоктун көркөм мурастарын жыйноодо жана китебин түзүүүдө ири эмгек кылып келаткан Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун Жалалабат облустук бөлүмүнүн төрагасы Жеңижок төкмөнүн көркөм мурастарынын китеп болуп чыгыш таржымалына токтолду:

Жеңижоктун чыгармаларын, мурастарын баш-аягы 40 жылдай чогулттум. Ушул убакыттын ичинде Жеңижок болгону үч жолу гана китеп болуп чыкты- деп билдирди «Азаттыкка” Асанбай Жусупбеков. -Биринчи жолу 1982-жылы Чыңгыз Айтматовдун кийлигишүүсү жана баш сөзү менен 14 басма табак көлөмүндө “Кыргызстан” басмасынан жарык көргөн. Экинчи жолу 1999-жылы Дастан Сарыгуловдун колдоосу менен чыккан. Азыр эми ар тараптуу толукталып, 34 басма табак көлөмүндө жарык көрдү. Демөөрчүсү техника илимдеринин доктору Абдрахман Мавлянов

Асанбай Жусупбеков Жеңижоктун чыгармаларына карата Совет доорундагы көз караш – айыптоолорду да учкай эскерип өттү:

Анда Жеңижокту динчил акын экен, бай-манаптарды мактаптыр, мазарлардын аттары бар экен дешип, көп жерлерин чыгарбай коюшкан болчу

Жеңижок жөнүндө айтыш абдан татаал, кыйын- деп айтты жазуучу жана ойчул Чоюн Өмүралиев. -Анткени, бул кишинин ички байлыгы ошончолук терең, ошончолук мол. Жүрөгүңдү опкоолжутуп коё турган залкар, алп!

Акын жана тарыхчы Абдрахман Алымбаев Жеңижоктун Көксулууга үйлөнгөнү жана эл аралап ырдаганы тууралу бала кезинде таятасынан укканын эскерди:

Жеңижокко Көксулууну Афлатундан чыккан Сулайманкул болуш алып берген экен. Жеңижоктун каалоосу боюнча, мурунку үй-бүлөсүнөн ажыратып, жубан алып беришиптир. А Сулайманкул болуш – кадимки Нүзүптүн урпагы. Жеңижок Афлатунга Токтогул менен чогуу келип ырдачу экен. Орто бойлуу, сулуу киши болуптур, тилин жалмаңдатып ырдай эле берчү деп айтышчу.

Жеңижок аялы Көксулууну төрөбөсө да өмүр бою өзгөчө сүйүп-ардактап, ажырашып кетпегенинин өзүндө улуу акындык гана эмес, улуу адамдык да касиет жатат деп белгиледи Абдрахман Алымбаев. Ал эми сүрөтчү, жаштар сыйлыгынын лауреаты Асан Турсункулов өздөрү уюштурган “Сырдана” коомдук бирикмеси, алардын Жеңижоктун көркөм мурастарын элге жеткирүүгө катышы туурасында айтты:

Асанбай Жусупбеков Жеңижоктун ушул толук басылышын үч жыл мурда көтөрүп жүргөн экен – чыгаралбай. Анан мен ортого түшүп атып, буюрса, демөөрчү таап чыгардык. Нурланбек Матиев экөөбүз өткөн жылы “Сырдана” деген коомдук бирикме ачтык эле, ошонун “Алтын китеп” сыйлыгын биринчи ушу Жеңижокчуларга берели деп жатабыз. “Сырдананын” негизги максаты – азыркы кыйын заманда демөөрчүлөр менен таланттарды табыштыруу.

“Сырдана” коомдук бирикмеси Жеңижоктун жаңы жарык көргөн томдугун биринчи жолу “Алтын китеп” аттуу ардак тизмеге киргизип, жалпы эле Жеңижоктун көркөм мурастарын элге жеткирүүдө өзгөчө эмгек сиңирген адамдарга “Алтын китеп” сыйлыгы ыйгарылгандыгын жарыялады. Мындай сыйлыкка татыктуу болгон инсандардын катарында Жеңижоктун китебин өзү кийлигишип жүрүп биринчи жолу чыгарган Чыңгыз Айтматов, Жеңижоктун мааракелерин өткөрүп жүргөн жана экинчи жолку китебин чыгарган Дастан Сарыгулов, Жеңижоктун үчүнчү жолку толук басылышын чыгарууга демөөрчү болгон Абдрахман Мавлянов, Жеңижокту 40 жылдан ашык изилдеп-чогулткан Асанбай Жусупбеков, Жеңижоктун ырларын ырдап, элге жеткизген Жолболду Алыбаев жана “Сырдана” коомдук бирикмесин уюштуруп, чыгармачыл адамдарга көмөктөш болуп келаткан Нурланбек Матиевдин аты аталды.

Лауреаттардын баарысына атайын медаль жана Жеңижоктун алтын түс китеби жасатылып келген экен, алар салтанатка катышкан экөөнө – Асанбай Жусупбеков менен Абдрахман Мавляновго гана тапшырылды.
XS
SM
MD
LG