Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:21

Кыргызстанда Орусиянын билиминин 125 жылдыгына арналган форум өттү


БИШКЕК. 8-декабрда Бишкекте өткөн Кыргызстанда Орусиянын билим берүүсүнүн 125 жылдыгына арналган эл аралык форумда өлкө башчысы Курманбек Бакиев Кыргыз элинин жана мамлекетинин тарыхындагы Орусиянын билим берүүсү тууралуу үч факторго токтолду. Биринчиден, саясий өңүттөн алганда кыргыз элинин эркиндикке, демократиялык баалуулуктарга жетишине орус адабияты, маданиятынын таасири. Экинчиден, экономикалык багытта кыргыз атуулдарынын Орусиянын рыногунда иштешине шарт түзүлүшү. Үчүнчүдөн социалдык-маданий өнүгүүгө жана жогорку окуу жайларда Орусиянын билим берүү системасынын кошкон зор салымын белгиледи.

Чынын айтканда 20-кылымда кыргыз элинин жаңы илим билимге жетишине Орусиянын билим берүүсү эбегейсиз чоң баскыч болду- деди президент Курманбек Бакиев.

“XXI кылым – ЕврАзияда руханий кайра жаралуунун кылымы” аттуу форумда ЕврАзия Экономикалык Кызматташтык биримдигинин баш катчысы Григорий Рапота, Орусия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын вице-спикери Сергей Бабурин да сөз сүйлөштү.

Тарыхый маалыматтарга таянсак 19-кылымдын аягында Кыргызстандын аймагында жергиликтүү элдерди орусча окутууга алгачкы мектептер ачылып, 1916-жылы мектептердин саны16га жеткен. Анда билим алган 670 окуучу жергиликтүү улуттун өкүлдөрүнөн болгон.

XS
SM
MD
LG