Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Укук коргоочулар К. Бакиевге кайрылуу жолдошту


БИШКЕК. Бишкекте өтүп жаткан Адам укуктары боюнча Борбор Азиялык форумдун катышуучулары 8- декабрда “Пирамида” телерадиокомпаниясы боюнча билдирүү таратышты. Анда 24- марттагы ыңкылаптын бирден бир себеби -Аскар Акаевдин үй-бүлөө мүчөлөрүнүн маалымат айдыңына көзөмөл кылуу аракети болгон деп айтылат. Укук коргоочулар аталган компанияны тартып алуу аракетин сөз экриндигине басым катары баалашат. Бул кайрылууга “Атуулдук коом коррупцияга каршы”, Адам укуктары боюнча кыргыз комитети, Өзбекстан атуулдарынын укугун коргоо коому жана башка уюмдар кол коюшкан. Алар президент Курманбек Бакиевди “Медиа- Инвест” компаниясынын кадамдарына баа берүүгө жана электрондук маалымат каражаттарын тартып алуу аракеттерин токтотууга чакырышкан.

XS
SM
MD
LG