Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Президент саясий маселелерден алыстап экономикага көңүл бурууну айтты

БИШКЕК. 8-декабрда Президент Курманбек Бакиев массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, журналисттердин бир катар суроолорна жооп берди. Өлкө башчысы алты айдан бери талкууланып келаткан азыркы Конституциянын долбоору тууралуу белгилеп, 2-3 жылга чейин мындай саясий маселелерден алыстап, экономиканы көтөрүүгө аракеттенүү керектигин билдирди. Ал азыркы иштеп жаткан Конституциянын кабыл алынгана эки жыл болгондугун, анын толук иштөөсү үчүн убакыт керек экендигине токтолду. Ал эми пропорционалдык шайлоого, парламенттик башкаруу системасына өтүүгө Кыргызстан азырынча даяр эмес деген пикирде:

-Мен ойлойм бүгүн биз ага азырынча даяр эмеспиз. Мына 60 ашуун партиялар бар. Мен каршы эмесмин парламентке ошол партиялардын 100% келсин. Бирок Бишкекттин тегерегине чыксаң ошол партиялардын атын да эч ким билбейт.

-деди Курманбек Бакиев.

Өлкө башчысы ошондой эле Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, 7 декабрда “Кыргызгаздын” жетекчиси Игор Чудинов “Өзбекгаз” менен келишимге кол койгонун билдирди. Газдын баасы 1 миң кубга 55 доллар болуп, 13 долларга кымбаттаганын белгиледи.
XS
SM
MD
LG