Казакстан бийлиги бүгүн оппозициялык "Жума таймс" деген гезиттин кезектеги санынын бүткүл тиражын кармап, сатууга чыгарган жок. Анын биринчи бетинде - 4-декабрда болгон президенттик шайлоо учурундагы бурмалоолор тууралуу жазылган. Тираж эмне үчүн кармалганы тууралуу бийлик эч кандай расми түшүндүрмө берген жок. "Жума таймс" гезити ноябрдын башында дагы шайлоо өнөктүгү учурунда президенттин беделин түшүргөн деп күнөөлөнгөн.