Кечээ өкмөт жыйынында сүйлөгөн учурунда Владимир Путин Украинанын учурдагы экономикалык жагдайы буга мүмкүнчүлүк берерин белгиледи. Орусия Украинага саткан газдын баасын өзгөртүү боюнча сүйлөшүүлөр март айында эле башталган, бирок тараптар азырынча макулдашууга жете элек. Москва көгүлтүр отун ар бир 1000 кубометринин баасын азыркы 50 доллардан 160 долларга жогорулатууну, мунун ордуна орусиялык газды Европага Украина аркылуу транзиттөөдө да дүйнөлүк бааны төлөөнү сунуш кылууда. Орусия газдын баасын көтөрүүсүндө саясий жүйөө бар деп эсептеген Киев мындай сунушка көнбөй жатат.