Сауд Аравияда Ислам конференциясы уюмунун эки күндүк саммити аяктады. Жыйынтыктоочу коммюникеде террорчулукка каршы күрөштү күчөтүү чакырыгы жана калктар ортосунда өз ара түшүүнүүчүлүк менен сабырдуулуктун зарылдыгы жөнүндө айтылган. Ислам конференциясы уюмунун басма сөз катчысы Атта Маннан "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна документтин мазмууну тууралуу буларды билдирди:
-Саясий маселелерден жыйынтыктоочу коммюникеде Ирак менен Палестинадагы кырдаал, мусулман азчылыктарынын абалы тууралуу айтылган. Документте ошондой эле Сомали менен Судандагы жагдай жөнүндө да сөз болот. Албетте, коммюникеде эл аралык террорчулукка каршы күрөш, исламофобия, жана цивилизациялар ортосундагы диалог жөнүндө да бөлүм бар.
"Мекке декларациясы" деп аталган документте, мисалы, саясий маселелерден Израилге 1967-жылы оккупацияланган араб жерлеринен аскерлерин чыгаруу чакырыгы айтылган. Документте ошондой эле уюмга мүчө өлкөлөрдө адам укуктарынын абалына байкоо салуучу көз карандысыз ислам институтун түзүүнүн маанилүүлүгү белгиленет. Ислам конференциясы уюмуна 57 мамлекет мүчө.