Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

Ак үй Иракта америкалык жаран өлтүрүлгөндүгү жөнүндөгү маалыматты ырастаган жок


Өзүн "Ирактын Ислам армиясы" деп атаган уюм алар тарабынан уурдалган америкалык жарандын өмүрүн кыйганын кечээ жарыялаган эле. Интернет аркылуу таратылган билдирүүдө согушкерлер мындай кадамга АКШ өкмөтү алардын талаптарын, анын ичинде америкалыктардын чабуулу учурунда жабыр тарткан ирактыктардын баарына компенсация төлөө жөнүндөгү талапты орундатпаганы үчүн барганы айтылган. Ал эми Багдадда кечээ жанкечти өзүн автобуста жардырып, кеминде 30 киши каза тапты, дагы бир нечеси жаракат алды. Иракта келерки бейшембиде парламенттик шайлоо өтүшү керек. Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы кечээ "Рейтер" агенттигине өлкө бул саясий өнөктүккө даяр экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG