Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:28

АКШ Киото келишимин узартуудан баш тартууда.


Жер абасынын ысышы жана климаттын өзгөрүшү боюнча Бириккен Улуттар уюму сүрөөнгө алган 12 күндүк жыйын бүгүн өз ишин жыйынтыктайт. Делегаттар абаны булгоочу заттарды азайтууну караган Киото протоколун узартуу жаатында иштешти. Бирок америкалык делегация протоколдо каралган чаралар боюнча так милдеттенме алуудан баш тартып жатканы кабарланууда.

Клинтон АКШнын президенти болуп турганда Киото келишимине кол койгон, бирок кийин шайланган Жорж Буш өлкөнү келишимден чыгарып салган. Ал келишим АКШнын эконоикасына оорчулук алып келет деп эсептейт.


Дүйнөлүк жанылыктарды даярдаган Жаныл Жусупжан кызы.

XS
SM
MD
LG