Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:38

Буктурмага кабылып эки полицай курман болду


Ооганстандын түштүгүндөгү Хелманд провинциясында талиптердин буктурмасына кабылып, полициянын эки кызматкери курман болду.

Полиция Багнайлык бир кишини тутуп, аймактык кеңсеге алып келгени баратканда буктурмада турган талиптер эки полициячыны катардан чыгарып, дагы экөөнү жарадар кылышканын Хелманддын губернаторунун өкүлү Мохаммад Вали билдирди. Талиптердин өкүлү Юсуф Ахмад кагылышууда талиптердин эки кишиси жарадар болгонун ырастады.

XS
SM
MD
LG