Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

«Пирамида», адам сатуу, өлүм жазасы Борбор Азиялык форумда талкууланды


БИШКЕК. Бишкекте эл аралык Хельсинки федерациясынын колдоосу астында эки күндөн бери өтүп жаткан жарандык коомдун Борбор Азиялык форуму ишин жыйынтыктады. 10-декабрь - адам укуктарынын күнүнө байланыштуу өтүп жаткан бул форумда Борбор Азиядагы укук коргоочулардын ишмердүүлүгүнө, адам сатууга, өлүм жазасына, Өзбекстандагы адам укуктарына, ЕККУнун Кыргызстандагы ордуна, «Пирамида» телекомпаинясына байланышкан маселелер талкууга алынды. Форумдун акырында Борбор Азия мамлекеттеринин жарандык коомдорунун өкүлдөрү мамлекет башчыларды басма сөз эркиндигин сактоого, адам укуктарын коргоого чакырган резолюция кабыл алышты.

Белгилеп койчу жагы, эки күн мурда Кыргызстандагы таасирдүү телеканалдардын бири - «Пирамида» лицензиясынан ажыратылган. Буга байланышкан маселе бир ыктай чечиле элек. Ал эми коомчулуктун өкүлдөрү буга нааразылыктарын билдирип жатышат.

XS
SM
MD
LG