БИШКЕК. Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 90 миллион доллар кредит берүүнү чечти. Аталган банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Ашраф Маликтин айтымында, бул каражат алдыдагы үч жыл үчүн берилмекчи. Ал өлкөдөгү жакырчылыкты кыскартууга жана жеке секторду өнүктүрүүгө багытталат. Бул тууралуу 9-декабрда “Ассошейтед пресс” агенттиги кабарлады.