Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:25

Рысбек Акматбаевге байланышкан сот жараяны улантылган жок


БИШКЕК. Буга жабырлануучулардын келбей калышы негиз берди. Ошондуктан, сот отурумду 14-декабрга которуп, келерки жолу жабырлануучулар жана күбөлөр келбесе, мыйзам чегинде чаралар колдонулаарын билдирди. Рысбек Акматбаев баштаган 9 адам ички иштер министрлигинин кызматтык кылмыштарга каршы күрөш боюнча башкармалыгынын башчысы Чыныбек Алиев баштаган үч адамды өлтүргөндүгүнөн шектелип жатышат. Бирок 28-октябрда башталган сот отуруму күбөлөр менен жабырлануучулардын келбей жаткандыгына байланыштуу кылмыш ишин териштире албай жатат. Бул аралыкта сот күбөлөрдү жабдып берүүнү сурап, ишти башкы прокуратурага бир жолу кайтарып, башкы прокуратуранын убадасын алгандан кийин ишти кайра өз карамагына алган. Адвокаттар сотту күбөлөр жана жабырлануучулар менен жабдып бербей жаткандыгы үчүн акыркы отурумда башкы прокуратураны айыпташты.

XS
SM
MD
LG