Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:16

“МОСФИЛЬМДИН” КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЖУМАЛЫГЫ


Учурда Бишкек шаарынын кинотеатрларында “Мосфильмдин” Кыргызстандагы жумалыгы өтүп жатат. Жумалык “Маданий эл аралык диалогдун, экономикалык жогорулоонун жана руханий кайра жаралуунун кылымы” аттуу эларалык форумдун алкагында уюштурулган.

Совет доорунан кийин биринчи ирет өтүп жаткан “Мосфильмдин” Кыргызстандагы жумалыгынын ачылышы жана жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кино-видео компаниясынын Бишкек шаардык жана Чүй облустук башкармасынын төрагасы Рыскул Боромбаев буларды айтты:

-Жумалык 8-декабрда башталды. 14-декабрга чейин созулат. Кыргызстанда орусиялык билим берүүнүн 125 жылдыгына келе турган Орусия делегациясынын курамында “Мосфильмдин” баш деректири Карен Шахназаров бар болчу. Ал анан келбей калгандыгы тууралyу өлкө nрезидентине телеграмма жибериптир. Ошентип кино боюнча Орусия делегациясы болгону жок. Бирок, биздин – Кыргызстандын кино ишмерлери жумалыктын ачылыш салтанатына бүт катышты. Жумалыкты кино-видео компаниянын төрагасы Замир Элалиев ачты.

А учурда өтүп жаткан Кыргызстандагы “Мосфильм” жумалыгын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кино-видео компаниясынын төрагасы Замир Эралиев төмөндөгүчө баалайт:

-“Мосфильмдин” жумалыгы биз үчүн өтө сыймыктуу окуя. Болгондо да эң мыкты фильмдерин алып келишкен. Мен Карен Шахназаровду аябай күттүм эле. Биз бирге окуганбыз. Ал келсе ушу “Мосфильм” менен “Кыргызфильм”, жолдорун издеп, биргелешип кино тартуу боюнча сүйлөшмөкпүз.

Замир Эралиев “Мосфильмдин” баш деректири Карен Шахназаров менен сүйлөшүп-макулдаша турган дагы бир чоң маселе бар экендигине токтолду. Союз убагында тартылган кинолордун баарысынын түп нускалары Москва алдындагы бир айылда жайгашкан архивде сакталып, кийин ошол боюнча Орусия мамлекетинин менчигине өтүп кеткен экен:

-“Белые столбы” деген айылда “Госфильмофонд” деп койчубуз, СССРдин мамлекеттик фильмдер кору жайгашкан эле. Кинолорубуздун бир тобунун түп нускалары ошол жерде – негативдери, үн плёнкалары... Орусия ошолорду бизге бербей жүрөт. Биз эми Орусияга кат менен кайрылганы жатабыз. “Кыргызфильм” өзү тарткан “Көк серек”, “Ысыккөлдүн кызгалдактары”, “Бакайдын жайыты” сыяктуу таанымал фильмдерибизди кайтарып алышыбыз керек. Алар – биздин байлык. Ошонун жолдорун сүйлөшмөкпүз Шахназаров менен.

Малекеттик кино-видео компаниясынын Бишкек шаардык жана Чүй облустук башкармасынын төрагасы Рыскул Боромбаев кыргызстандыктардын кинотеатрларга барышында акыркы кезде айрым жандануулар байкалгандыгын, бирок, “Мосфильм” жумалыгынын кинолоруна көрүүчүлөрдүн келиши алымсындырарлык эмес экендигин белгиледи:

- Бизде – Бишкекте болгону бир гана “Октябрь” кинотеатры заманбап жасалып-оңдолгон эмеспи. Жакында Орусиянын “Девятая рота” деген фильми көрсөтүлдү эле, белет алыш үчүн илгеркидей кезек болуп кетти. Арт жагында белет табылбай, фильм түнкү саат 2.00 ге чейин көрсөтүлүп жатты. Белеттин баасы 100 сомдон болчу. Эгерде кинотеатрлардын шарты ушу “Октябрдыкындай” болсо – мыкты фильмдерге эл мурдагыдай эле келет экен. Казактардын жаңы тартылган “Кочевники” деген фильмин алып келсек - эл андан да көп келиши мүмкүн.

Ал эми “Мосфильмдин” жумалыгында көрсөтүлүп жаткан фильмдерге эл бирин-серин келип атат. Негизинен тарыхый кинолор да. Кызыккандар – жашап калган адамдар болууда.


Жумалыкта салыштырмалуу Карен Шахназаровдун “Всадник по имени смерть”, Андрей Тарковскийдин “Андрей Рублев”, Виталий Москаленконун “Китайский сервиз” аттуу фильмдери көрүүчүлөрдүн кыйла кызыгуусун жаратууда.
XS
SM
MD
LG