НАРЫН. 10-декабрда болуп өткөн облакимчиликтин жыйындар кеңсесиндеги талкууга облакимчиликтин аппаратынын кызматкерлери, коомдук уюмдардын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, эксперттер катышышты. Орус тилине расмий тил катары макам берүү, Конституциялык сот, өлүм жазасы боюнча пикирлер арбын айтылды. Натыйжада бардык иш кагаздарын мамлекеттик тилде гана жазуу, Конституциялык сотту жоюу, өлүм жазаны калтыруу жөнүндө сунуштар көпчүлүк добушка ээ болду. Ал эми Кыргыз Республикасынын президентинин жаш курагы азыркыдай 65 жаштан ашпаган куракта болушу жактырылып, мамлекеттик катчынын кызматын калтыруу керектиги белгиленди. Ошондой эле соттордун судьялыгына да 65 жаштан ашпаган жана жергиликтүү соттун судьялыгына 25 жаштан кем эмес курактагы атуулдар болуусу көпчүлүк пикирге ээ болду.