ОШ. 10-декабрь күнү Ош облустук мамлекеттик администрациясында болуп өткөн жыйында премьер-министр Феликс Кулов президент Бакиевдин Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Анвар Артыковду кызматтан бошотуу жана анын ордуна Адам Закировду дайындоо тууралуу жардыгын окуп берди. Өз сөзүндө премьер-министр Феликс Кулов Анвар Артыковдун кызматтан бошотулушун анын башка жумушка кетип жаткандыгы менен байланыштырды. Бирок премьер-министр А.Артыковдун кайсыл кызматка көрсөтүлүп жаткандыгын ачык айткан жок. Буга чейин губернатордун милдетин аткарып келген Анвар Артыков облустук активдин алдына чыгып сөз сүйлөп, жалпы жамааттан ыраазычылык сурады. Анткен менен Ош облусунун губернаторунун биринчи орунбасары Кушбак Тезекбаев “Азаттык” радиосуна берген маегинде президенттин жогоруда аталган жардыгы облустук администрациянын жалпы жамааты үчүн да, март окуяларынан бери облусту жетектеп келаткан Анвар Артыковдун өзү үчүн да күтүүсүз болгондугун билдирди. Жаңыдан дайындалган облустун губернатору Адам Закиров буга чейин Карасуу районунун акими, Ош технологиялык университетинин профессору жана президенттин алдындагы башкаруу академиясынын проректору кызматтарында иштеп келген.