Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:32

“Пирамиданын” тагдыры кандай болот?


БИШКЕК. 9-декабрда түнкү саат 12лер чамасында белгисиз адамдар “Пирамида” телекомпаниясынын имаратын басып алуу аракеттерин кайра кайталашты. Бул тууралуу аталган телеканалдын кабарлар бөлүмүнүн редактору Нургүл Жокинова “Азаттыкка” 10-декабрда билдирди. 9-декабрда түштөн кийин да ушундай аракеттер болгону айтылган. Нургүл Жокинова мындан сырткары учурда телеканалды колдоо боюнча кол топтоо иштери уланып, топтолгон колдордун саны 4 миңден ашып калганын билдирди.

“Пирамиданын” тегерегиндеги талаш-тартыш аталган телеканал “Медиа- Инвест” атту компаниянын ээлигине өтүп кетишинен улам чыгып отурат. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана укук коргоочулар бул окуяда бийликтин тиешеси бар экенин айтышып, аны бийликтин маалымат мейкиндигин көзөмөлдөө аракети катары баалашууда.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Надыр Момунов 10-декабрда “Азаттыкка” “Пирамидага” байланышкан акыркы кырдаалга президент Курманбек Бакиевдин түз да, кыйыр да тиешеси жоктугун билдирип, телеканал жеке менчик болгон соң бул анын акциясына ээлик кылуучулардын укугу экенин, эгер кандайдыр бир укук бузуулар болсо, маселе сот аркылуу чечилиши керектигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG