Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Аба ырайы


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо кызматынын билдирүүсү боюнча,12-декабрда Кыргызстандын аймагы боюнча күн ачык болот. Түнкүсүн жана таңга маал Чүй, Талас өрөөндөрүн туман каптайт. Жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -10...-15 градус суук, күндүз -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу. Талас дубанында түнкүсүн -10...-15 градуска, айрым жерлерде -19 градуска чейин суук болот. Күндүз 0...+5 градус жылуу. Баткен облусунда түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +2...+7 градус жылуу. Ал эми Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн 0...-5 градуска суук болуп, күндүз +4...+9 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт. Бийик тоолуу Нарын жергесинде түнкүсүн -21...-26, күндүз -3...-8 градус суук. Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн -7...-12 градуска чейин суук, күндүз 0...+5 градуска жылуу.

Борборубуз Бишкекте кар жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы: түнкүсүн
-11...-13, күндүз 0...-2 градус суук болот.

Жекшембилик кабарларды Чолпон Орозобекова даярдады.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG