БИШКЕК. Курманбек Бакиев радикалдуу конституциялык реформаны тез арада ишке ашырбаса, 24-марттагы окуя революция эмес, конституциялык төңкөрүш катары бааланып калат. Мындай пикирин 11-декбарда болгон саясий партиялардын жыйынында Гүлмира Искакова билдирди. Ал конституциялык төңкөрүш мыйзам боюнча кылмыш жообуна тартыла турган иш, деп кошумчалады. Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболовдун айтымында, 24-марттагы ыңкылаптын бирден бир себеби - Конституция боюнча бардык бийликтин баары бир колго топтолгондугу болчу. Белгилүү адвокат Токторбек Ашыркул уулу да бул жыйында эгер конституциялык реформалар жүргүзүлбөсө, 24-марттагы окуя бийликти басып алуу катары мүнөздөлөт, деген оюн билдирди. Президент Курманбек Бакиев 8-декбарда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Конституцияны чукул арада өзгөртүүгө каршы экендигин билдирген.