БИШКЕК. 11-декабрда “Пирамида” телерадиокомпаниясынын имаратынын алдына 200дөй адам колдоо иретинде топтошуп турушту. Алар менен кошо турган президент алдындагы адам укугун коргоо боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун аталган телерадиокомпаниянын тегерегинде болуп жаткан ызы-чууларга президенттин тиешеси жок деп билдирди:
- Президенттин тиешеси жок деп ойлойм. Бул жерде үчүнчү күч атайын мамлекет башчыны уят кылгысы келип атат. Баягы эле Акаевдин куйруктарынын кылганы деп ойлоп атам.
Анын айтымында, 12-декабрда ал президентке кирип, бул боюнча өз позициясын ачык билдиришин талап кылат. 11-декабрда телеканалдын имаратынын алдына чогулган эл колдоо баракчасына кол коюп жана түз эфир аркылуу өз ой-пикирлерин айтып жатышты. “Пирамида” ТРКсынын президенти Адил Бийназаров “Азаттыкка” 11-декабрда билдиргенине караганда, телерадокомпаниянын коопсуздугу үчүн башкы прокурата эки автоматчан кызматкерди кошуп берди. Ал эми ушул эле күнү кечкурун колдоо баракчасына кол койгондордун саны 12 миңге жетти.