Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:52

Бегиш Ааматов: “1993- жылкы Конституцияны калыбына келтирүү керек”


БИШКЕК. Кыргызстанда 1993-жылы кабыл алынган Конституция калыбына келтирилип, андан бери болгон үч референдум тең жокко чыгарылышы керек. Мындай пикирин парламенттин мурдагы депутаты Бегиш Ааматов 11-декабрда болгон саясий партиялардын жыйынында билдирди. Буга чейин мындай сунушту “Ыссыккөл инвестбанктын” төрагасы Болот Байгожоев да билдирген. Бегиш Ааматовдун пикиринде, 1993-жылы демократиялык багыттагы жана президенттин бийлиги алсыз Башмыйзам кабыл алынган. “Аскар Акаевдин тушунда Башмыйзамды иштеп чыккан юристтердин бир ууч тобу азыркы бийликке да ошондой кызматын көрсөтүүдө” - деди Бегиш Ааматов. Мындай ойду мурдагы спикер, “Мукар жана профи” юридикалык компаниянын башчысы Мукар Чолпонбаев да колдоду. Президент алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын жетекчиси Турсунбек Акун “Азаттыкка” Өмүрбек Текебаевдин төрагалыгы менен иштелип чыккан мурунку долбоорго караганда азыркысы начар болуп калганын моюнга алыш керек, деп билдирди.

XS
SM
MD
LG