Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:18

Саясий партиялардын лидерлери конституциялык кеңешменин курамынан чыга башташты


БИШКЕК. 11-декабрда саясий партиялар жана бейөкмөт уюмдар чогулуп, конституциялык реформа тууралуу жыйын курушту. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Кубатбек Байболов Конституциянын азыр талкууланып жаткан долбооруна тиешеси жоктугун билдирип, конституциялык кеңешменин курамынан чыккандыгын жарыя кылды. Тышкы иштер боюнча мурдагы министр Роза Отунбаева дагы азыркы долбоорго эч кандай тиешеси жоктугун билдирип, бул чечимди чогуулап ырасмий жарыялоо сунушун айтты:

- Биз чынында эле Конституциянын бул долбоору менен макул эмеспиз деп так билдиришибиз керек. Конституциялык кеңешменин редакциялык кеңешинин мүчөлөрү чогулуп, бул де-маршты жасашыбыз керек. Бул боюнча атайын документ даярдап туруп, бардык партиялардын, саясий лидерлерди кол койдурушубуз керек.

“Келкел” кайра жаралуу уюмунун лидери Алишер Мамасалиев болсо улуттук форум чакырып, анда саясий партиялар жана коомдук уюмдар конституциялык кеңешмеден чыккандыгын чогуулап жарыялоо тууралуу сунушун айтты. Депутат Кубатбек Байболовдун пикиринде, азыркы жаңы долбоордун чыныгы авторлорун билүүгө коомчулуктун акысы бар.

XS
SM
MD
LG