Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:48

Журналисттер “Пирамиданы” колдоо үчүн парламент алдына чыгышат


БИШКЕК. 12- декабрда Жогорку Кеңештин астында “Пирамида” телерадиокомпаниясынын жамааты жана аларды колдоо үчүн журналисттер пикетке чыгышат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна аталган компаниянын кызматкери Ирина Литвякова билдирди. Пирамида телерадиокомпаниясынын жетекчилиги 8-декабрда парламенттик угууда “телерадиокомпанияны президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев тартып алуу аракетин жасап жатат” - деп билдирген. 9-10 декабрда бул компаниянын имараты белгисиз бирөлөр тарабынан курчоого алынып, ошондой эле милиция кызматкерлери да эки ирет чабуул жасашты. Жогорку Кеңештин депутаты Кабай Карабеков бул окуяларга президент Бакиевдин түздөн түз тиешеси бар деп эсептейт. Бирок президенттин маалымат катчысы Надыр Момунов “Пирамида” телеканалына байланышкан бул кырдаалга президенттин түз да, кыйыр да тиешеси жоктугун билдирген.

XS
SM
MD
LG