Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:23

Кытайда нааразылык чарага чыккандарга ок атылды


Кытай бийлиги Гуандун провинциясында демонстранттарга каршы курал колдонулганын жана андан үч адам каза болгонун билдирди. Маалыматка караганда, ок атууга буйрук берген кызматкер камакка алынды. Провинциядагы айылдын тургундары электр станция куруу үчүн алынган жерлердин ордуна компенсация аз берилгенине нааразы болуп, демонстрацияга чыгышкан. Окуяга күбө болгондор өлгөндөрдүн саны 20дан көп деп айтууда. Кытайдан келген дагы бир кабарга ылайык, 91 адамдын өмүрүн алып, 17 адам дайынсыз жоголгон көмүр шахтасындагы акыркы жарылуу боюнча бийлик жети кишини камакка алды. Алар жардырууга тиешеси бар деп шектелүүдө.

XS
SM
MD
LG