Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:57

Хорват генералы бүгүн Гаагадагы трибуналда сурала баштайт


Хорват генералы Анте Готовина Улуттар Уюмунун Гаагадагы эл аралык трибуналынан аны согуш кылмышкери деп соттобоону өтүнөт.
Бул жөнүндө айыпкердин адвокаты Лука Мусетич билдирди.
Готовина 1994-95-жылдардагы согушта 150 серб аскерлерин өлтүргөн, дагы 150 миңдей сербдин там-жайын таштап кетүүсүнө жооптуу деп күнөөлөнүүдө. Ал 12-декабрда Гаага сотунда сурала баштайт.
Жекшемби күнү Хорватиянын Сплит шаарында миңдеген адамдар генералды колдоп, демонстрацияга чыгышып: “Анте Готовина, биздин баатыр. Анте, Анте”,-деп кыйкырышты.

Австриянын борбору Венада, Босния-Герцеговианын Мостар шаарында да Готовинаны колдогон чакан демонстрация болду.

XS
SM
MD
LG