Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

Ирактык козголоңчулар ирандык төрт даватчыны уурдап кетти


Ирак даватчыларынын өзүн “Саад бин Аби Ваккастын бригадасы” деп атаган тобу төрт шиит даватчыны туткунга алышканын билдирди. Жекшемби күнү “Ал-Арабия” телеканалы даватчылардын береги бригада тартып жөнөткөн видеотасмасын көрсөттү. Телеканал козголоңчуларга шилтеме жасап, даватчылар шииттер диниятчылардын Ирандын Кум шаарындагы борборунан жөнөтүлгөнүн маалымдады.
Иран тарап эч кандай маалымат жасай элек.


Эрегишчилердин колундагы тынчтык жактоочулардын тагдыры белгисиз калууда. “Адилеттиктин кылычы” деген топ канадалык эки, бир британ жана америкалык жаранды эки жума мурда уурдап кетишкен. Бейшемби күнү түрмөлөрдөгү ирактыктардын баары бошотулбаса, төрт жаран мерт кылынат деп эскертилген.

XS
SM
MD
LG