Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 21:34

Ирактагы парламенттик шайлоо алдында коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Ирактын коргоо министрлиги бейшемби күнү болчу парламенттик шайлоо алдында бир катар коопсуздук чараларын кабыл алды. Эртеңден тартып ишемби күнгө чейин Багдаддагы өкмөттүк мекемелер жана ишканалар иштебейт, чек ара да жабылат. Көчөдө атайын уруксаты бар гана машинелердин жүрүүсүнө уруксат берилет.

Ирактын премьер-министри Ибрагим Жафари 15-декабрдагы парламенттик шайлоодон кийин өкмөт башында калса, козголоңчулар менен эч кандай компромиске барбайт. Жафари Ройтер агенттигине берген интервьюда бүгүн колуна курал алып жүргөн адамдар менен эч качан сүйлөшүүгө барбасын эскертти.

XS
SM
MD
LG