Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:42

«Кыргызстан» коомдук-саясий бирикмеси 24-марттагы окуяларга саясий баа берет


Бишкек. 24-декабрда Бишкекте «Кыргызстан» коомдук-саясий бирикмесинин VI-курултайы өтөт. Анын ишине бирикмеге кирген саясий партиялар, мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. «Асаба» партиясынын жетекчиси Азимбек Бекназаровдун маалыматы боюнча курултайда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал талкууланып, 24-марттагы окуяларга саясий баа берилет. Бүгүнкү күнгө чейин 24-мартта ыңклап болдубу же мамлекеттик төңкөрүш болдубу деген маселе боюнча талаш-тартыш пикирлер айтылып келет.

Аба ырайы

БИШКЕК. Бишкектеги аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсүнө караганда, 13-декабрда республика боюнча ала булут каптап турат. Кар жаашы күтүлбөйт. Жалалабат, Ош, жана Баткен облустарынын айрым жерлерин туман каптайт.

Абанын температурасы:

Талас жергесинде түнкүсүн -4...-9 градуска ал эми Карабуура районунда -13 градустан -18 градуска чейин суук болот. Күндүз +1...+6 градус жылуу.
Баткен, Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн -4 градус сууктан +1 градуска чейин жылуу, күндүз +7...+12 градус жылуу болот.
Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн -4...-9 градус суук, күндүз +2...+7 градус жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн -20...-25, күндүз -6...-11 градус суук.
Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн -5...-10 градус суук, күндүз +2...+7 градус жылуу. Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы: түнкүсүн -7...-9 градуска чейин суук болот. Ал эми күндүз +3...+5 градустун айланасында жылуу болушу күтүлөт.

Кыргызстандагы сонку жанылыктарды Азиза Турдуева, Аманбек Жапаров жана облустук кабарчылар даярдашты.

Редактору Кубат Чекиров.

XS
SM
MD
LG