Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

«Пирамида» телеканалындагы кырдаалды парламенттик комиссия иликтейт


Бишкек. «Пирамида» телеканалынын айланасында түзүлгөн кырдаалды иликтөө үчүн 12-декабарда парламенттик комиссия түзүлдү. Анын курамына 7 депутат кирип, төрагалыгына Кубатбек Байболов шайланды. Депутат Байболовдун айтымында, комиссия ушул эле күнү телеканалга байланыштуу иликтөө ишин баштады: «Биздин комиссия бүгүн өз ишин баштады. Биз телканалды алабыз дегендер ким, алар кайсы жактан келген – мунун баарын иликтешибиз керек». Кубатбек Байболов билдиргендей, комиссиянын ишине эки адвокаттык мекеме юридикалык жактан көмөк көрсөтөт. Депутаттык комиссия өз ишин кийинки дүйшөмбүгө чейин аякташы күтүлүүдө. 12-декабрда президент Курманбек Бакиев «Пирамида» телеканалынын айланасындагы чыр-чатакты иликтөөнү вице-премьер-министр Адахан Мадумаровго тапшырды. Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, иликтөө ишин вице-премьер-министр ушул эле күнү баштады.

XS
SM
MD
LG