Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:59

«Пирамида» телеканалынын жамааты нааразылык чарага чыкты


Бишкек. 12-декабрда Бишкекте Жогорку Кенештин алдында «Пирамида» телеканалынын жамааты нааразылык чарага чыкты. Телеканалдын бир нече кызматкери парламенттин имаратынын ичинде депутаттарынын отуруму башталгандан кийин 1,5 сааттай нааразылык акция өткөрүп, сыртка чыгышты. Пикетчилер «Пирамидадан» кол таркыла!», «Пирамиданы» эч кимге кор кылдырбайбыз!» деген мазмундагы плакаттар менен турушту. Аларды колдоп, нааразылык чара өткөн жерге борбор калаадагы бир катар маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, шаар тургундары да келишти. «Пирамиданын» жетекчилиги жана Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын пикиринде телеканалга байланыштуу чыр-чатакка бийликтин тиешеси бар. Президенттин маалымат кызматы мындай пикирлерди четке какты.

XS
SM
MD
LG