Кувейтте бүгүн ОПЕК деп аталган мунай экспорттоочу мамлекеттердин бийик жолугушуусу болуп өттү, анда - мунай өндүрүүнү көбөйтүү маселелери каралды жана мүчө-мамлекеттер - уюмга кирген өлкөлөр бардыгы болуп күнүнө 28 миллион баррел мунай өндүрүүгө тийиш деген чечимге токтолду. Анткен менен чындыгында өндүрүш азыр 30 миллион баррелге жетип калды жана АКШ, Индия, Кытай сыяктуу мамлекеттер өндүрүштү дагы көбөйтүүнү суранууда.