Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:02

Гоңконгдо Дүйнөлүк соода уюмунун саммити башталууда.


Гоңконгдо эртең Дүйнөлүк соода уюмунун бийик жолугушуусу башталат. Алты күнгө улана турган жыйынга дүйнө мамлекеттеринин соода министрлери катышат жана шаарга глобализацияга каршы чыккандар дагы чогула баштады. Европа Биримдигинин соода маселелери боюнча комиссары Питер Манделсондун айтымында, Гоңконгдогу бийик жолугушууда эң биринчи кезекте кедей мамлекеттердин маселелери каралууга тийиш. Талдоочулардын айтымында, жыйында АКШ менен Европа мамлекеттери ортосунда айыл чарба маселелери боюнча пикир келишпестиктер чыгаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG