Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:54

“Пирамиданын” айланасындагы жаңжалга президенттин катышы жок


БИШКЕК. “Пирамида” телерадиокомпаниясына байланыштуу маселеге президент Курманбек Бакиевдин эч кандай тиешеси жок экендигин бүгүн Кыргыз өкмөтүнүн вице-премьер министри Адахан Мадумаров “Пирамида” телекомпаниясынын жана “Медиа-инвесттин”өкүлдөрү менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымында “Пирамиданын” акцияларына байланышкан талаш маселени укуктук жол менен сот аркылуу чечүү керек. Телекомпаниянын 50% акциясы былтыр кандай жол менен сатылганын тактап чыгуу зарыл.

“Эми саясат деген саясат. Бир нерсе болсо, сөзсүз түрдө бир адамды табыш керек да. Ал тарапты коргоп аткандардан бир жерде Бакиев деген фамилия барбы деп сурасам, эч кимиси көрсөтө албайт. Жок дейт,- деди Адахан Мадумаров.

“Пирамида” телерадиокомпаниясына кысым көрсөтпөгөндүгүн жана имаратын басып алуу аракет жасаган эместигин өз кезегинде “Медиа-инвест” ишканасынын өкүлдөрү белгилешүүдө. “Пирамида” телекомпаниясынын 50% уставдык капиталы азыр ушул “Медиа-инвест” ишканасынын колунда. Анын кожоюндары Цой жана Максим Ивченко жолугушууга катышкан жок.

XS
SM
MD
LG