АКШнын Калифорния штатындагы түрмөдө бир кезде белгилүү кылмыштуу топтун башчысы болгон Стэнли Уильямска ийне сайылып, өлүм жазасы аткарылды. Уильям уурулук кылып жүрүп, төрт кишини өмүрүнөн ажыраткан деген кине боюнча 1979-жылы эле эң катаал жазага буйрулган. АКШда бул окуяга байланыштуу коомдук талкуу кызыды, Уильямстын тарапкерлери ал түрмөдө отурган жылдары көз карашын өзгөртүп, жаш балдарды кылмыштуу жолдон сактанууга үндөгөн китептер жазганын айтышууда.